Азыр абакта отурган Беларус президенттигине талапкер Владимир Николаевдин кызы өлкөдөгү оппозициялык күчтөргө колдоо издеп Европа өлкөлөрүн кыдырууда. Беларус полициясы 19-декабрдагы шайлоодон кийин демонстрация өткөргөн адамдарды айоосуз сабаган. Ева Николаева “Азаттыктын” белорус кызматына берген интервьюда, Литва, Польша жана Чехиянын ырасмий адамдары менен кездешкенин айтып, Беларус оппозициясына каршы бийликтин жапырыгын мындай мүнөздөдү:”Бийликтер азыр 1937-жылкы Советтер Союзундагы сыяктуу бейкүнөө адамдарды соттоп, өз алдынча ойлогон бардык адамдарды жок кылуу үчүн оппозицияны соттоп, куугунтуктап жатат.”
Европа парламенти 12-январда Белорустагы саясый кырдаалды талкуулайт. Польша феврлада Белорус оппозициясын колдогон конференция өткөргөнү жатат.
Европа парламенти 12-январда Белорустагы саясый кырдаалды талкуулайт. Польша феврлада Белорус оппозициясын колдогон конференция өткөргөнү жатат.