Ирандын “Хабар” гезитинин жазышынча, Иран бийликтери жылына өлкөгө мыйзамсыз ташылып келген арак-шарап ичимдиктеринин төрттөн бирине жакынын гана колго түшүрөт. Гезиттин Аткезчилике каршы күрөшүү кызматынын башчысы Хасан Ванейиге шилтеп жазышынча, бир жылда Иранга 730 миллион долларлык арак ичимдиктери мыйзамсыз жолдор менен ташылса, анын 200 миллион долларга барабары гана кармалган. Иранда 1979-жылдан бери арак-шарап ичимдиктерине тыйуу салынган.