Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:23

Папа Бенедикт тарсалардын атынан Ислам өлкөлөрүнө кайрылды


Рим-католик чиркөөсүнүн башчысы Папа Бенедикт XVI Ислам калктуу мамлекеттерге кайрылып, тарса жарандардын коркуп-үркпөй диний ибадат кылуусун камсыздоого чакырды. Бенедикт мындай кайрылууну дүйшөмбү күнү Ватикандагы элчилер менен болгон кездешүүдө жасады. Папа жакынкы күндөрү эле Египетте, Иракта жана Нигерияда жергиликтүү тарсаларга кол салууну мисалга тутту жана диний азчылыктарды коргоо боюнча тийиштүү мыйзамдарды кабыл алууну өтүндү. Ошондой эле Пакистандын Кудайга акараат келтиргендери жазалоо боюнча мыйзамы өлкөдөгү диний азчылыктарга кол салууга өбөлгө түзүп жатканын белгиледи.

XS
SM
MD
LG