Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:14

Улуттук комиссия түштүктөгү жаңжал үчүн өзбек лидерлери жана Убактылуу өкмөт жоопкер деп эсептейт


Кыргызстандын түштүгүндөгү июнь окуяларынын чыгуу себептерин иликтеп жаткан Улуттук комиссия бүгүн ишинин жыйынтыгы боюнча "Кабар" агенттигинде маалымат жыйынын өткөрдү. Комиссия төрагасы Абдыганы Эркебаевдин анда билдиргенине караганда, алар түштүктөгү былтыркы улут аралык жаңжалдын тутанышынынын бир нече себеби бар деген бүтүмгө келген.

Ал себептердин катарында Абдыганы Эркебаев алмашуудан кийинки бийликтин алсыздыгын жана мындай кырдаалдан ар кандай күчтөрдүн, “анын ичинде өзбек улутунун айрым лидерлеринин” пайдаланып калуу, "өз иштерин чечүү аракети" болгонуна, бул өз кезегинде кыргыздардын кыжырдануусун жаратканына токтолду.

Жаңжалдын тутанышына шыкакчы болгон өзбек лидерлери катары комиссия төрагасы мурдагы депутаттар: Кадыржан Батыров, Жалалидин Саллахудинов, Иномжон Абдурасуловдун ысымдарын атады. Ага катар Улуттук комиссия күн мурунтан белгилери болгонуна карабай, жаңжалды өз учурунда алдын алалбаганы үчүн ошол кездеги Убактылуу өкмөт да жоопкер деп эсептейт.

Андыктан комиссия азыркы саясий жетекчиликке жаңжал учурунда Убактылуу өкмөттө күч структураларын тейлеген же жетектегендер: Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Кеңешбек Дүйшөбаев, Болот Шердин, Ош, Жалал-Абад облусунун губернаторлорунун, Ош, Жалал-Абад, Майлы-Суунун шаар мэрлеринин, кээ бир акимдердин жоопкерчилиги жөнүндөгү маселени карап көрүүнү сунуштаган.

Комиссиянын басма сөз жыйынында түштүктөгү кагылышта 426 адам өлгөнү, алардын 381 таанылганы, булардын ичинен 276сы өзбек, 105и кыргыз экени айтылды.
(UE, AZK)

XS
SM
MD
LG