Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Бектур Асанов Санжар Бакиевдин иши боюнча сотко келген жок


Бул туурасында “Азаттыкка” Санжар Бакиевдин коомдук жактоочусу Бүбүайша Арстанбекова билдирди. “Жалал-Абаддын губернатору Бектур Асанов эмгек өргүүсүндө болуп, Кытайда экен. Анын орун басары да келген жок. Себеби тактала элек”, - деди Бүбайша Арстанбекова. Сот бүгүн экспертизадан өткөрүлгөн куралдардын материалдарын, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн изилдеди. Соттун кийинки отуруму 17-январда уланат.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганынын уулу Санжар Бакиевге 13-14-май күндөрү Жалал-Абад шаарында "массалык башаламандык уюштурган", "мыйзамсыз куралдуу топко жана киши өлтүрүүгө катыштыгы бар", "бийлик өкүлдөрүнө күч көрсөткөн", "бийликти басып алууга аракет кылган" деген айыптар коюлган. 2-ноябрда Жалал-Абад шаардык соту Санжар Бакиевди 10 жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарган. Санжар Бакиев болсо өзүнө коюлган айыптарга макул болбой келет. Мындай өкүмгө макул болбогон Санжар Бакиевдин апелляциялык арызын Чүй облустук соту Бишкек шаарында карап жатат. Жалал-Абад облустук соту иш көптүгүнө байланыштуу бул арызды кароону Чүй облустук сотуна өткөрүп берген. (AzK)

XS
SM
MD
LG