Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:39

Күч органдарынын ардагерлери өкмөткө талап койду


Нарындык ардагер Жолдошбек Тентимишовдун “Азаттыкка” билдиришинче, “Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыздоо” жөнүндөгү мыйзамга ылайык өкмөт ардагерлерге 1996-жылдын биринчи январынан 2010-жылдын 1-январына чейин азык-түлүк үлүшү үчүн акча каражатын төлөп бермек. Бул күнгө чейин аталган мыйзамдуу каражаттын толук төлөнүп берилбей келе жатканы ардагерлер арасында нааразычылыктарды жаратууда. Бул маселе боюнча алардын бир нече жолку өкмөткө жолдонгон кайрылуулары жоопсуз калган. Бул жолу койгон талаптары аткарылбаса, ардагерлер 1-марттан тарта митингге чыгышат.

Кечээ Бишкекте ардагерлердин укугун коргой турган республикалык штаб түзүлдү. Анын курамы 15 кишиден турат. Өлкө боюнча укук коргоо жана күч органдарынын 15 миңге чукул ардагери бар. (AzK)

XS
SM
MD
LG