Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:15

АКШ Мамкатчысы Иран боюнча санкцияларды күчөтүүгө ынандыра албайт


Хиллари Клинтон Перси булуңундагы өлкөлөрдү Иранга карата санкцияларын күчөтүүгө ынандыра албасы тууралуу расмий Тегеран билдирүүдө. Иран тышкы иштер министрлигинин өкүлү Рамин Мехманпарст Кошмо Штаттарды аймакта "карама-каршылык жаратууга" аракеттенип жатат деп айыптады.

АКШ Мамлекеттик катчысы Перси булуңундагы беш күндүк сапарда жүрөт. Ал бул сапарынын алкагында Бириккен араб эмираттары, Оман, Катар мамлекеттеринде болду. Клинтондун сөзүнө караганда, былтыр Иранга каршы эл аралык санкциялардын күчөтүлүшү бул өлкөнүн өзөктүк программасы үчүн олуттуу кыйынчылыктарды жаратты. Ал араб өлкөлөрүн Иранга каршы санкциялар маселесин кайра карап көрүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG