“Манас эл” кыймылынын мүчөсү Гүлсара Мамбеталиеванын “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн Жогорку Кеңештин алдына 50 дөн ашык киши чогулду. Алар КТРКнын азыркы жетекчиси Кубат Оторбаевге нааразы экендиктерин, каналдан элдин аң сезимин бузган берүүлөр кетип жатканын жана акыркы орун басарларды дайындоолор менен макул эместиктерин билдирип чыгышты. Акцияга чыккандардын арасында КТРКнын айрым журналисттери, жазуучулар союзунан жана башка бир катар уюмдардын өкүлдөрү бар.
Алардын алдына депутат Жылдыз Жолдошева чыгып, кайрылууну президентке, ЖК төрагасына, өкмөт башчыга жеткире тургандыгын убада кылды. Өздөрүн коомдук демилгечилер атаган бул адамдар кечээ Коомдук телерадиокорпорациянын алдына КТРКнын башкы директорунун радио жаатындагы мурдагы орун басары Кадыр Кошалиевдин калтырылуусун талап кылып чыгышкан. Алар менен КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаев жолугуп, талаптарын карап көрүүнү убада кылган болчу. (AzK)