Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

Өрнөк айылында жаңы мектеп ачылды


Нарын районундагы Миң-Булак айылдык округуна караштуу Өрнөк айылынын мектеп окуучулары бүгүндөн тарта жаңы имаратта окуй баштады. Аталган айылда бүгүн Жакып Өмүралиев атындагы толук эмес орто мектебинин жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү. Буга чейин окуучулар айылдын эски талаа станында окуп келишкен.

Айылдын тургуну Шарип Баялиев демилгечи болуп, 2005-жылы Каржы министрлигинин алдындагы грантка долбоор жазып, мектептин курулушу 2006-жылы башталып, ага 3,3 миллион сом сарпталды. Нарын облустук администрациясы мектептин жылуулук системасын 123 миң сомго бүтүрсө, Билим берүү жана илим министрлиги 6 компьютер бөлүп берди. Учурда жаңы мектепте 71 окуучу билим алып, 16 мугалим иштей баштады. Бирок окуучуларга мектеп үчүн эмеректер жетишсиз болгону маалымдалууда. (JI)

XS
SM
MD
LG