Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:03

АКШ Ооганстанды колдоону 2014-жылдан кийин да улантат

Бул тууралуу бүгүн Кабулдан АКШнын вице-президенти Жо Байден билдирди. Анын айтымында, АКШ Ооганстанды колдоону коопсуздук боюнча жоопкерчилик 2014-жылы ооган күчтөрүнө өткөрүлүп берилгенден кийин да улантат:

- Эгер силер эле каалабасаңар биз кетпейбиз. Биз эки өлкө үчүн тең бирдей кызыкчылыктар боюнча силер менен иштөөнү улантууну пландап жатабыз.

Жо Байден Ооганстандагы иш сапарынын бүгүнкү - экинчи иш күнүндө президент Хамид Карзай менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Ал быйыл июлда америкалык аскерлерди баскыч-баскыч менен чыгаруу иши башталганга чейин коопсуздук операцияларындагы өзгөрүүлөрдү баалоо үчүн Ооганстанга кечээ күтүүсүздөн келген.
​
XS
SM
MD
LG