Энергияга бай Түркмөнстан Европаны газ менен камсыздоо боюнча аракеттерди күчөтүүнү убада кылып жатат. Бул тууралуу Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэл Баррoсонун Ашхабадга ушул апта соңуна белгиленген визитин утурлай түркмөн Тышкы иштер министрлиги бүгүн тараткан билдирүүдө белгиленет.
Түркмөн газы Европага жетиши үчүн андан оболу Азербайжанды көздөй Каспий деңизинин түбү аркылуу көгүлтүр от ага турган куур төшөө маселесинде эл аралык мунаса табылганынын олуттуу белгиси азырынча байкала элек. Бирок президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун бүгүнкү билдирүүдө келтирилген сөздөрүнө караганда, быйыл компресстелген жаратылыш газын өндүрүүчү жайларды куруу артыкчылык берилген маселе болот. Көгүлтүр оттун мындай түрү ири көлөмдө танкерлерге куюп, ташып кетүүгө ыңгайлуу.