Кыргыз өкмөтү банкирлерге дыйкандар үчүн насыя үстөгүн түшүрүү өтүнүчү менен кайрылды. “АКИпресс” агенттигинин билдиргенине караганда, мындай кайрылууну Жогорку Кеңеште банкирлердин катышуусу менен өткөн бүгүнкү жыйында биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов жасады. Анын ырастоосунда, өкмөт банктарды өнүктүрүү кору аркылуу дыйкандарга үстөгү төмөн насыя берүүгө камданып жатат.
Өмүрбек Бабанов лидерлик кылган “Республика” партиясы былтыркы шайлоо өнөктүгү учурунда дыйкандарга жылдык үстөгү 7 пайыздык насыя берүүнү убада кылган. Көз карандысыз экономисттер бул убада реалдуулуктан алыс экендигин белгилешкен эле. Жакында өкмөт дыйкандарга 200 миң сом өлчөмүндөгү насыяны 7-9 пайыздык үстөк менен берүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаган болчу. (UE)