Президент Нурсултан Назарбаевдин бийлик мөөнөтүн референдум аркылуу узартуу сунушуна каршы “Рух жана Тил “ деп аталган бейөкмөт уюмдун активисттери бүгүн бийликтеги “Нур Отан” партиясынын Алматыдагы кеңсеси алдына чогулушкан эле. Алар “Демократияны көмүү” деген аталыштагы нааразылык акциясын өткөрүүгө аракеттенип, “демократия” деген жазуусу бар кагаз табытты көмүү ишарасын жасашканда, активисттерди милиция кармап кетти.
Назарбаевдин бийлигин референдум менен 2020-жылга чейин узартуу идеясы өткөн айда көтөрүлгөн. Демилгелүү топтун башчысы, окумуштуу Эрлан Сыдыковдун ушул дүйшөмбү “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматына билдиргенине караганда, алар чогултууга үлгүргөн 4,3 миллион адамдын колу Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылат. Идеяны казак парламенти да колдоп, бирок президент Нурсултан Назарбаевдин өзү четке каккан.