Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:07

АКШ 2014-жылдан кийин да Ооганстанга жардамын аябайт

АКШ 2014-жылдан кийин да Ооганстанга көмөктөшүүнү жана ооган армиясын машыктырууну токтотпойт. Мындай билдирүүнү Кабулда күтүүсүз эки күндүк сапары менен жүргөн АКШ вице-президенти Жо Байден 11-январда ооган президенти Хамид Карзай менен жолугушкан соң жасады. АКШ башындагы коалициялык күчтөр 2014-жылы Ооганстандын коопсуздугун камсыздоону оогандардын өздөрүнө өткөрүп берүүнү мерчемдөөдө. АКШ быйыл июлда Ооганстандан өз аскерлерин чыгара баштайт.
XS
SM
MD
LG