Беларус бийликтери 31 кишини "декабрдагы президенттик шайлоодон кийин нааразылык акциясын уюштурду" деп айыптады. Ички иштер министрлигинин билдиришинче, полиция 19-декабрдагы шайлоо күнкү массалык башаламандыкка катышкан 120 кишини аныктаган.
Александр Лукашенконун кайра шайлануусуна каршы өткөн Минскидеги демонстрациянын 600дөй катышуучусу, анын ичинде оппозициячыл талапкерлер, адам укугун коргоочулар жана журналисттер камакка алынган. Беларус оппозициясынын көрүнүктүү өкүлү Александр Милинкевич Европа Биримдигин нааразылык акциясын айоосуз басканга жооптуу ырасмий адамдарга визалык чектөө киргизүүгө үндөдү. "Мыйзам бузган режимге каршы кайрадан санкция колдонуу абдан маанилүү. Ошол эле учурда жөнөкөй жарандарга Европа ачык болууга тийиш",-деди ал.
Милинкевич бүгүн Европарламенттин комитетиндеги Беларус боюнча талкууга катышат.