Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

Тунисте интеллигенция да көчөгө чыкты


Тунистин полициясы көркөм өнөр адамдары менен адвокаттардын демонстрациясын күч менен таркатты. Алар акыркы үч күндө полиция менен болгон кагылышууда 20 адамдын өлтүрүлгөнүнө нааразылык билдирип, көчө жүрүшүнө чыгышкан болчу. Баш кеңсеси Парижде жайгашкан Адам укугу боюнча эл аралык федерациянын кабарлашынча, соңку үч күндөгү тополоңдо 35 киши өлгөн. Тунистин кесиптик союздары кеминде 50 киши өлгөнүн айтууда. Тополоң өткөн айда 26 жаштагы университеттин бүтүрүүчүсү жумуш таппай өзүн өрттөп жибергенден кийин башталган.

XS
SM
MD
LG