Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

Түркиялык хирург адамдары мыйзамсыз операциялаган деп шектелүүдө


Ыстамбулдук дарыгер Косоводо адамдарды мыйзамсыз операциялаган, алардын органдарын саткан эл аралык аткезчилер уюму менен байланышы бар деп шектелүүдө. Ыстамбулдук хирург Юсуф Сонмез 11-январда полицияда сурак бергенин "Анадолу" жаңылыктар агенттигинин кабарлады. Евробиримдиктин прокурору Жонатан Рател өткөн аптада Косоводо болгон соттук териштирүүдө жалган убадага алданган чет элдик жарды адамдар Косового келип, бөйрөгүн жалчыбаган акчага сатканын маалымдады. Ал Сонмезди "Приштинадагы менчик клиникада мыйзамсыз операция жасаган негизги хирург" деп атады.

XS
SM
MD
LG