Брисбен шаарынын миңдеген адамдары суу ташкындан улам коопсуз жайларга көчүрүлдү. Брисбен Австралиянын үчүнчү чоң шаары. Шаар башчысынын айтышынча, топон суудан жабыркаган үйлөрдүн саны 20 миңге чукул болот деп болжолдонууда. Там-жайсыз калган адамдардын саны 45 миңге жетиши мүмкүн. Табигый кырсыктан Брисбенде 19 киши жоголгону маалымдалууда.