Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Акмат Бакиевдин ишин Аскер сотунун имаратында Жалал-Абад шаардык соту карамакчы. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Акмат Бакиевдин буга чейинки соту 15-декабрда өткөн. Анда айыпталуучунун ден соолугуна байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу адвокаттардын өтүнүчүн сот четке каккан.
Акмат Бакиев "2010-жылдын май айында массалык башаламандыктарды уюштурган", "бийлик өкүлдөрүнө каршы күч колдонгон", "жерлерди мыйзамсыз ээлеп алган", "атуучу куралдарды мыйзамсыз алып жүргөн", "зордук-зомбулук менен башкалардан акча өндүргөн" деп айыпталууда. Ал өзүнө коюлган айыптар менен макул эместигин билдирип келет. (KKs)