Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Ошто Рыспай Абдыкадыровдун 70 жылдыгы белгиленет


Ош облустук администрациянын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, бүгүн белгилүү ырчы жана композитор Рыспай Абдыкадыровдун 70 жылдыгы өзүнүн атын алып жүргөн Ош шаарындагы филармонияда өтөт. Бул кечеге Кыргызстандагы коомдук жана саясий ишмерлер, искусство адамдары жана анын жакын туугандары катышмакчы. Мындан сырткары маркум Абдыкадыровдун ырларын мыкты аткаргандар жана анын сүрөтүн мыкты тарткандарга сынак жарыяланат. Иш-чара Рыспай Абдыкадыров атындагы фонд жана Ош облустук администрациянын демилгеси менен өткөрүлгөнү жатат. Мындан сырткары композитордун жетимиш жылдыгы кичи мекени Кара-Кулжа районунда да белгиленгени турат.

Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак айылында төрөлгөн. Ал кеминде эки жүзгө жакын ырга обон чыгарып, ага Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылган. Р. Абдыкадыров 1994-жылы 12-сентябрда 53 жаш курагында оорудан улам көз жумган. (KKs)

XS
SM
MD
LG