Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Португалия бүгүн бонддорун сатыкка чыгарат


Катаал финансылык абалды башынан өткөрүп жаткан Португалияны бүгүн дагы бир чоң сыноо күтүүдө. Өкмөт бүгүн сатыкка чыгарчу 3 жылдык жана 9 жылдык бонддорго (мамлекеттик баалуу кагаздарга) талаптын аздыгы же кайтарымынын бийиктиги Лиссабонду эл аралык жардамды кабыл алууга аргасыз кылышы мүмкүн. Талдоочулардын баалашынча, Португалия азыр 60 миллиарддан 130 миллиард долларга чейин насыяга муктаж. Германия жана Франция бюджеттик кризис Испаниядай экономикасы үлкөн мамлекетке жайылып кетпеси үчүн Португалияга карыз берүүгө даяр.

XS
SM
MD
LG