Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:20

Тоңдо мугалимдер мектепке кайтышты


Тоң районунун Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектептин мугалими Лилия Сопиеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, мугалимдер 20-январга чейин ишин улантууну чечишти. Анын айуусунда кечээ тоңдук мугалимдердин өкүлдөрү билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун төрагасы Асылбек Токтогулов менен жолугушкан. Анда профсоюз төрагасы мугалимдерди 20-январда өкмөт өкүлдөрү менен болчу жолугушууга чейин иш таштабоого чакырган. Лилия Сопиеванын маалыматы боюнча, бул күнү мугалимдердин 20-декабрдагы кайрылуусуна өкмөттүн берген жообу, көргөн чаралары тууралуу эки тараптуу сүйлөшүү болмокчу. "Эгер талаптар аткарылбаса, 21-январдан тарта мөөнөтсүз нааразылык чаралары уланат",-дейт Лилия Сопиева.

Айлык акынын аздыгына, мамлекет тарабынан социалдык колдоо жоктугуна нааразылыгын билдирген Тоң районундагы үч мектептин мугалимдери 10-11-январь күндөрү иш ташташкан. Алар буга өткөн айда өкмөткө жолдонгон кайрылуусуна эч кандай жооп болбогондуктан улам барганы айтылган. Мугалимдердин нааразылык чаралары 1-декабрдан тарта өлкөнүн ар кайсы аймактарында өтүп жатат. Өкмөт жаңы жылдан тарта мугалимдердин айлык акысын 30% көбөйтүүгө убада берген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG