Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:18
Таланттуу композитор Рыспай Абдыкадыровдун 70 жылдык мааракесине карата уюштурулган эскерүү Ош шаарындагы анын атына коюлган филармонияда өтүп жатат. Эскерүүгө залкар обончунун замандаштары, шакирттери, жакындары жана ошондой эле вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов менен маданият жана маалымат министри Нурлан Шакиев катышууда. Иш-чаранын алкагында Рыспай Абдыкадыров жашаган үйдө мемориалдык тактайдын ачылышы болуп, таланттуу обончу жараткан ырлардын чоң концерти уюштурулмакчы.

Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда Кара-Кулжа районунда туулган. Ал чыгармачылык өмүрүндө 200 ашуун обондорду жаратып, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамын алган. Рыспай Абдыкадыровдун ырлары классикалык чыгармалардын катарына кирген. (ZKo)
XS
SM
MD
LG