Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:53

Сүлүктүдө кенчилер иш таштады


Бүгүн “Сүлүктү-көмүр” акционердик коомунун 220 чамалуу жумушчусу иш таштады. Алар ишканага мамлекеттик мүлк министрлигинен өкүлдөр келип, кайра-кайра мыйзамсыз текшерүүгө алып жатышканына нааразылык билдиришүүдө. Кенчилердин кесиптик кошуун төрагасы Каныбек Исмаиловдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, алар ошондой эле ишкана башчысы Раимкул Назаровдун бошотулуусун жана кызмат ордуна кайтарылуусун талап кылышууда. Каныбек Исмаиловдун айтымында, аны 11-январь күнү өздөрүн каржы полициясынын кызматкерлери деп тааныштырган белгисиз бирөөлөр күчтөп, белгисиз жакка алып кетишкен. Кенчилер мурдагы жетекчиликтин тушунда шахтадагы 11 забойдун жетөө жабылып, мындан ишкана 24 млн. сомдук чыгашага кириптер болгонун белгилешет.

Ушул тапта нараазы болгон 162 кенчиге кошулуп жер астында иштеп жаткан 62 кенчи да иш таштады.

Баткен облустук акимчиликтин уюштуруу бөлүмүнөн "Азаттыкка" иш таштаган кенчилер менен жергиликтүү бийлик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын маалымдап, "бардык маселе мыйзам чегинде чечилет" деп билдиришти.

Мамлекеттик мүлк министрлиги жана каржы полициясы кенчилердин дооматына азырынча жооп берише элек. (ZKo; JsA)

XS
SM
MD
LG