Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

“Газпром нефть Азия” күйүүчү майдын баасын төмөндөттү


Аталган ишкананын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү маалымдагандай, “Газпром нефть Азия” күйүүчү майдын дүң жана чекене баасын төмөндөттү. Арзандатуу кыргыз жана орус өкмөт башчыларынын жаңы жыл алдындагы сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында жүргүзүлдү.

Маалыматта айтылгандай, “Газпром нефть Азия” ишканасы күйүүчү майдын баасын арзандатууну 12-январдан тарта баштады. Бүгүнтөн тартып “Газпром нефть Азия” ишканасына таандык май куюучу бекеттерде күйүүчү майлардын баасы орто эсеп менен 50 тыйынга төмөндөдү.

Орус өкмөтү 2010-жылдын апрель айында Кыргызстанга сатылып жаткан күйүүчү майга тоннасына 200 доллар өлчөмүндө кошумча бажы төлөм төлөө тартибин киргизген. Бул Кыргызстанда күйүүчү май баасынын кескин кымбатташына алып келген. Жыл аягында Кыргызстандын өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев Орусиядагы кесиптеши Владимир Путин менен жолугушуп, Кыргызстанда сатылып жаткан күйүүчү майга өткөн жылы салынган кошумча бажы төлөмдөрүн алып салууну өтүнгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG