Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Арашанда ок атылган курал июнь коогалаңында колдонулганы аныкталды


Террорчу деп шектелгендер жок кылынган Арашандагы үйдөн табылган куралдардын биринен 12-июнь күнү Ош шаарында “Скорпион” атайын кызматынын кызматкерине ок атылган. Бул тууралуу ички иштер министри Зарылбек Рысалиев Жогорку Кеңештин укук, мыйзамдуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комиетинин жыйынында маалымдады. Буга чейин 5-январь күнү Чүйдүн Арашан айылындагы атайын операция учурунда террорчу деп шектелгендерден алынган автоматтын бири 7-апрель күнү “Форум” ишканасынын жанынан жоголгон мамлекеттик күзөт кызматына таандык болуп чыккан. Министрдин айтымында, учурда автоматтарга баллистикалык экспертиза жүргүзүлүп жатат. Зарылбек Рысалиев 5-январь күнү Арашан айылындагы үйдөн табылган жардыргыч заттар өткөн жылдын 30-ноябрында Спорт сарайынын жанындагы жардырууда колдонулган жана декабрь айынын аягында Бишкек ИИБнын жанындагы унаадан табылган жардыргыч заттар менен окшош болуп чыкканын да кошумчалады.

Ички иштер министри бүгүн Жогорку Кеңештин укук, мыйзамдуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комиетинин жыйынында 4-январь күнү милиция кызматкерлеринин өлтүрүлүшү жөнүндө кеңири маалымат берди.
4-январь күнү Бишкектеги 8-кичирайондо жайгашкан үйдө документ текшерип жүргөн жеринен үч милиционер ок жеп набыт болушкан. Аларга ок ачкандарды кармоо максатында жүргүзүлгөн атайын операция учурунда “Альфа” атайын кызматынын бир аскери набыт болгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG