Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:56

“Сүлүктү-көмүр” ишканасына жаңы жетекчи дайындалды


Бул тууралуу “Азаттыкка” ишкананын директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы Жапар Сатаров билдирди. Анын айтымында, мурдагы жетекчи Раимбек Назаровдун тарапкерлери иш таштоого аракет кылып, акционерлердин чогулуш өткөрүүсүнө тоскоолдук жасашкан. Жапар Сатаровдун сөзү боюнча ага карабай акционерлердин жыйыны өтүп, анда Эргеш Мадаминов “Сүлүктү-көмүр” акционердик коомунун жетекчиси болуп шайланды. Ал эми директорлор кеңешине Камал Айтемиров аттуу кенчи төрагалык кылмай болду.

Бүгүн түшкө чейин “Сүлүктү-көмүр” акционердик коомунун 200дөн ашуун кенчилери иш таштаганын, алар ишканага ушул күнгө чейин жетекчилик кылып келген Раимбек Назаровдун кайра кызматына кайтарылуусун талап кылып жатышканын кенчилердин кесиптик кошуун төрагасы Каныбек Исмаилов “Азаттыкка” билдирген эле. Анын айтымында, 11-январь күнү өздөрүн каржы полициясынын кызматкерлери деп тааныштырган адамдар Р. Назаровду күчтөп белгисиз жакка алып кетишкен. Ишкананын директорлор кеңешинин мурунку төрагасы Жапар Сатаров Раимбек Назаровдун кармалышы тууралуу маалыматы жоктугун “Азаттыкка” маалымдады.

“Сүлүктү-көмүр” акционердик коомунун 45% акциясы мамлекеттик мүлк фондуна таандык. Буга байланыштуу акционерлердин бүгүнкү жыйынына мамлекеттик мүлк фондунан өкүл барып катышты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG