Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:27

Кыргызстан экономикалык эркиндик индексинде үч орунга ылдый түштү


АКШдагы “Heritage Foundation” иликтөө уюму жана “Wall Street Journal” басылмасы шаршемби күнү жарыялаган Экономикалык эркиндик индексинде Кыргызстан быйыл дүйнөнүн 183 мамлекети ичинен 83-орунга коюлган.

Былтыр Кыргызстан Экономикалык эркиндик индексинин тизмесинде 179 мамлекет ичинен 80, ал эми мурдагы жылы 74 –орунда турган эле. 2011-жыл үчүн Экономикалык эркиндик индексин түзүүдө анын авторлору соода эркиндиги, бизнес жасоо эркиндиги, инвестиция үчүн эркиндик, коррупциядан эркиндик, өкмөттүн чыгымдары, мүлккө болгон укуктун корголушу өңдүү он маселени эске алышкан.

Быйылкы баяндамада белгиленгендей, Кыргызстанга соода эркиндиги, өкмөттүн чыгымдары өңдүү көрсөткүчтөр боюнча берилген баа төмөндөгөн.

Тигил же бул өлкөнүн топтогон баллына жараша аларга “эркин”, “негизинен эркин”, “бир аз эркин”, “негизинен эркин эмес” жана “басылган” деген аныктама берилген. Кыргызстандын быйылкы 83- орду ал “бир аз эркин” деп эсептелген өлкөлөрдүн катарында дегенди туюндурат.

Мурдагы совет өлкөлөрү ичинен Кыргызтандын алдынан 29-орунга Грузия, 36-орунга Армения, 72-орунга Казакстан коюлган. Ал эми Азербайжан 92, Тажикстан 128, Орусия 143, Беларус 155, Украина 163, Өзбекстан 164, Түркмөнстан 169- орунда.

Дүйнөдө, “Heritage Foundation” иликтөө уюму жана “Wall Street Journal” басылмасынын эсебинде, экономикалык эркиндик жагынан көч башчында Гонконг, андан кийин Сингапур, Австралия турат. АКШ 183 мамлекет ичинен 9- орунга жайгаштырылган. (UE)

XS
SM
MD
LG