Полшанын президенти Лех Качинский бараткан учак апрел айында Орусиянын аймагында кулап түшкөндө, Качинский менен кошо учактагы 95 киши набыт болгон. Кыйроону иликтеп жаткан комиссиянын жетекчиси Татяна Анодина «башкы жүргүнчүнүн», демек президент Качинскийдин терс реакциясы да учкучтарды чукул конууга аргасыз кылган болушу мүмкүн экендигин мындайча билдирди:
- Учкучтардын командири ал шартта конуу коркунучтуу экендигин билген. Бирок дал көздөгөн аэропортко конуу керек деген зарылчылык күчтүү болгон. Техникалык комиссия менен көз карандысыз эксперттердин пикиринде, эгер учак башка аэропортко коно турган болсо, «башкы жүргүнчү» нааразы болот деп командир сестенген болушу мүмкүн.
Адонинанын айтымында, мындан тышкары кыйроонун мезгилинде президенттик учактын учкучтар кабинасында болгон Полшанын аба күчтөрүнүн командачысынын канынан алкогол табылган.