Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:39

Тажикстан Кытайга жер берүүгө макул болду


Тажикстандын парламенти коңшулаш Кытайга Памир тоолорунан бир миң чарчы километр жерди берүүнү колдоп добуш берди. Бул - бир кылымдан ашкан жер талашын бүтүрүүгө жол ачууда. Кытайга бериле турган аймакта канча киши жашаары азырынча белгисиз. Тажикстандын жалпы аймагы 143 миң чарчы километрди түзөт. Оппозициянын лидери Мухиддин Кабири жер берүүнү «конституцияга каршы кадам» деп айыптады. Бирок тышкы иштер министри Хамрокон Зариги бүгүнкү чечимди жеңиш деп баалады. Анын айтымында, Кытай башында 28 миң чакырым жерди талап кылган.

XS
SM
MD
LG