Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:30

Назарбаевдин мөөнөтүн узартуунун колдоочулары билдирүү жасашты

Нурсултан Назарбаев жогорку мамлекеттик кызматта дагы сегиз жыл калышын колдогондордун кол тамгасын чогултуп жаткан топтун ырастоосунда, Казакстанда бул демилгени «шайлоочулардын жарымы» колдойт. Астанадагы пресс-конференцияда демилге тобунун жетекчиси, академик Эрлан Сыдыков азырга чейин беш миллион шайлоочунун колу топтолгонун билдирди. Сунушталган референдумда казак президентинин келерки жылы бүтүп жаткан кызмат мөөнөтүн 2020-жылга чейин узартуу каралган. Демилгелүү топтун дагы бир өкүлү, парламенттин мүчөсү Анатолий Башмаков маселе бүрсүгүнү парламенттин бирдиктүү жыйынында карала тургандыгын кошумчалады.
XS
SM
MD
LG