Ош облустук администрациянын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, июнь окуяларына чейин Кыргыз-өзбек университети, андан соң Ош мамлекеттик социалдык университети деп аталып жүргөн окуу жайга Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу демилгелери көтөрүлүүдө. Маалыматка ылайык, мындай сунушту Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков президенттин администрациясына жөнөттү. Мындай демилгени окуу жайдын жамааты да колдошууда. (KKs)