Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:47

Муфтияттын уставынын жаңы долбоору талкууланууда


Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Мамбеталиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, учурда муфтияттын уставынын жаңы долбоору талкууланып жатат. Анын айтымында, буга чейин муфтиятты реформалоого багытталган төрт долбоор иштелип чыккан. Учурда алардын бирөөсү жактырылып, ага кошумча, алымчаларды киргизүү иштери жүрүүдө. Казы, имамдардын эмне иш кыла турганын так көрсөтүүчү устав ушул жазда даяр болоору күтүлүүдө.

Акыркы айларда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгын реформалоо аракеттеринин алкагында өлкөдөгү бир катар мечиттердин имамдары алмаштырылып, январь айынан тарта муфтияттын администрациясында кызматкерлерди аттестациялоо иш-аракети өтүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG