WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү “ВикиЛиикстин” технологиялык башкы жоосу АКШ эмес Кытай деп санайт. Жулиан Ассанж Британиянын “ New Statesman” журналына берген интервьюда, Кытай өкмөтү “ тышкы маалыматты өтө катуу цензурадан өткөрүп, аны окурманга жеткирбөө үчүн алдыңкы технологияны колдонорун” белгилейт.
Британ абагынан күрөө пулга бошотулган Ассанждын адвокаттары азыр аны Швецияга өткөрүп бердирбөөнүн айласын издешүүдө. Аны швед бийликтери аял зордуктаган деп, сот жообуна тартканга кызыкдар. Ассанжга каршы кылмыш иши ВикиЛиикс америкалык дипломаттардын он миңдеген жашыруун кат-кабарларын жарыялап жибергенден кийин козголгон.