Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Чек арадагы зомбулук боюнча казак чек арачысын иши кыскартылды


Мындай маалыматты “КазТАГ” маалымат агенттиги Ак-Төбө аскер гарнизонунун аскер прокурору Жанболат Акеновго таянып таратты. Аскер прокурору сентябрь айында Бишкек-Москва каттамындагы поездди текшерүү учурунда кыргызстандык жүргүнчү кызды зордуктаган деп айыпталып жаткан казак чек арачысына карата козголгон кылмыш иши жабырлануучу тергөө ишине жардам бербегени үчүн кыскартылганын маалымдаган. Жанболат Акенов тергөө учурунда Москвага кеткен кыздын Ак-Төбөгө келип-кетүүсүн тергөө каржылап берүүгө даяр болуп, аны көрсөтмө берүү үчүн чакырууга жасаган аракетинен натыйжа чыкпаганын, жабырлануучу телефонго жооп бербей, Москвадагы иштеген жана жашаган жери тууралуу маалымат берүүдөн караманча баш тартканын белгилейт. Ошондуктан, кылмыш ишке шектүү деп кармалып отурган чек арачы алгач үй камагына чыгарылып, кийинчерээк ага карата козголгон кылмыш иши кыскартылды деп маалымдаган Ак-Төбө аскер гарнизонунун прокурору Жанболат Акенов.

Жайсаң поезд бекетинде болгон окуя боюнча Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин консулдук департаменти иш алып барууда. Министрликтин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” маалымдашкандай, департамент тиешелүү жактарга суроо-талап жиберген.

Былтыр 17-сентябрда Казакстандын Жайсаң бекетинде Бишкек-Москва каттамында бара жаткан жүргүнчү кызды казакстандык чек арачы зордуктаганы белгилүү болгон. Поезддеги башка жүргүнчүлөр чек арачынын жоопко тартылуусун талап кылып, тогуз саат бою жолду бууп турушкан эле. Натыйжада кыз зордуктады деп шектелген чек арачы кармалып, казак милициясы тарабынан камакка алынган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG