Келерки жылдын бюджети, 2010-2011-жылдарга кышкы даярдык жана башка маселелерди талкулоо үчүн депутаттардын алдына 1-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, каржы министри Чоробек Имашев жана Бишкек шаар мэри Иса Өмүркулов келишет. Бул тууралуу депутаттарга өкмөттүн өкүлү билдирди. Парламенттик жалпы отурумда каралуучу маселе боюнча каржы министри Чоробек Имашев келбегенине бир катар депутаттар нааразылыгын билдирип, анын орун басары менен ишке киришүүдөн баш тартышты. Парламент бүгүн жаңы жылдагы алгачкы жалпы отурумуна чогулду.(ZKo)