Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Парламент Улуттук комиссиянын отчетун угат


Бул үчүн Жогорку Кеңеш 19-январь күнү кезексиз жалпы отурумга чогулмакчы. “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Камчыбек Ташиев июнь коогалаңы боюнча президент Роза Отунбаева депутаттардын алдында маалымат берүүгө тийиш деп эсептейт. "Июнь коогалаңынан бери сегиз ай өтсө да бул окуя боюнча бир да жетекчи жооп бере элек, ошондуктан парламент алдында ошол кездеги убактылуу өкмөттүн төрайымы –азыркы президент Роза Отунбаева келип, суроолорго жооп берсин", - дейт Камчыбек Ташиев.

Июнь коогалаңын иликтөө боюнча парламент атайын депутаттык комиссия түзгөн. Аталган комиссия өз иликтөөлөрүнүн жыйынтыгын март айында жарыяларын билдирүүдө. Ал эми июнь коогалаңын иликтеген Улуттук комиссия өзүнүн тыянагын 11-январда жарыялап, бул окуянын чыгып кетишине Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү себепкер деп билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG