Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:06

АКШ элчилиги камактагы кыйноолор боюнча тынчсызданууда


Кыргызстанда тартип сактоо кызматкерлери тарабынан камакка алынгандарга карата кыйноо ыкмалары колдонулушу тууралуу укук коргоочулардын билдирүүлөрү АКШнын Кыргызстандагы элчилигин тынчсыздандырат деп айтылат элчилик тараткан билдирүүдө. Анда кыйноого жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же адамдын беделин түшүрүүчү мамилеге жана жазалоого каршы конвенцияга кол коюу менен Кыргызстан кыйноого жол бербөө үчүн бардык чараларды көрүүгө милдеттенме алганы эскертилет.

АКШ элчилиги кыргыз өкмөтүн өзүнө алган милдеттенмени аткарып, шектүү деп камакка алынгандарга адилет сот жана сот иштеринин акыйкаттуу каралуусун камсыз кылууга чакырган. Күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылуусу керек, бирок мыйзамда каралган бардык тиешелүү укуктук процедуралар аткарылууга тийиш деп эсептешет билдирүү ээлери.

Кыргызстандык укук коргоочулар күч кызматкерлери тарабынан камактагы жарандар кыйноолорго алынып жатканын билдирип чыгышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG