Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:23

Эртең жаан-чачын болбойт


Кыргыз гидрометеорология борборунун маалыматы боюнча? 14-январда Кыргызстандын бардык аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абат, Баткен облустарынын айрым жерлерине туман түшөт. Шамалдын ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетип, багыты өзгөрүп турат.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -9...-14 градус суук, күндүзү 1...6 градус жылуу болот. Таласта түнкүсүн -11...-16 даражага чейин төмөндөп, күндүзү 1...6 градус жылыйт. Баткен, Ош, Жалал-Абат облустарында түнкүсүн -4...-10 градус суук болот, ал эми күндүзү 1...6 градус жылуу болот. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5...-10 градус суук, күндүзү -1...+4 градус жылуу болот. Тоолуу Нарында түнкүсүн -18...-23 градус, күндүзү -5...-10 градус суук болот.

Бишкек шаарында туман түшүүсү күтүлөт, абанын температурасы түнкүсүн -10...-12 градуска ылдыйлайт, күндүзү 1...3 градус жылуу болот.(ZKo)

XS
SM
MD
LG