Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Кыргызстанда рак оорусу күч алууда


Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, рак оорусунан каза болгондордун саны жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондордон кийинки эле орунда турат. Ал эми рак оорусунун ичинен сүт без шишигинен жабыркап, каза тапкан аялдар көптүк кылат. Бишкектеги маммология борборунун башчысы Дамир Абдылдаевдин журналисттерге билдиргени боюнча Кыргызстанда жети миңге чукул аял бул оору менен ооруйт жана эмчек рагы шишик ооруларынын ичинен биринчи орунда турат. Анын айтуусунда, маммология борборуна жыл сайын 500 чамалуу аял кайрылат, тилекке каршы алардын ичинен 200 чамалуу аял бул оорудан көз жумат. Дарыгер буга негизги себеп катары оорунун алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлбөгөндүгүн жана жабыркаган аялдардын дарыгерге кеч кайрылганын белгилеп кетти.

Сүт без шишиги көбүнчө 40-60 жаштардагы аялдарда кездешет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG