Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:47

АКШда Аризона штатындагы трагедиянын курмандыктарын эскеришти


Аризона университетинин аймагында болгон эскерүү иш-чарасына президент Барак Обама да катышып, азыр америкалыктар саясий көз караштары боюнча жиктелбестен, биригип, алдында турган проблемаларды бирин-бирин урматтаган жана конструктивдүү диалог менен чече турган учур экенин белгиледи:

- Биз балким дүйнөдөгү бардык жамандыкты токтото албайбыз, бирок мен билгенден бири-бирибизге кандай мамиле кылабыз, бул толугу менен өзүбүздүн колубузда. Менин ишенимимде бардык кемчиликтерибизге карабай, кең-пейилдик, ак-ниеттүүлүк бизде жетиштүү. Бизди бөлгөн күчтөр, бизди бириктирүүчүлөр сыяктуу кубаттуу эмес.

Аризона штатынын Туссон деген шаарчасында 8-январь күнү куралдуу адам ок ачканда, Демократиялык партиянын өкүлү, АКШ Конгрессинин шайлоочулар менен жолугуп жаткан мүчөсү Габриела Гиффордс оор жаракат алып, алты киши каза болгон. Жалпысынан кол салуу учурунда 14 киши жабыр тарткан.

XS
SM
MD
LG