Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:17

Тунистеги тополоңдо набыт болгондор саны өсүүдө


Жумушсуздуктан жана бийликтеги коррупциядан улам бир ай мурда башталган демонстрациялар Түндүк Африканын бул өлкөсүндө соңку ондогон жылдар ичи орун алган эң ири нааразылык акциясы болуп калды. Күбөлөр кечээ өлкө борборунда дагы бир киши мерт болгонун, түндүктөгү Бизерте деген жерде да курмандыктар бар экенин билдиришти. Расмий өкүлдөр андан бери каза тапкандардын жалпы саны 23 экендигин айтууда, бирок күбөлөр менен укук коргоочулар жана күбөлөрдүн ырастоосунда, курмандыктар саны мындан көп. БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Нави Пиллай бүгүн тунис бийликтерин демонстранттарды басуу үчүн ашыкча чара колдонгону үчүн айыптады.

XS
SM
MD
LG