Линктер

шаршемби, 24-май, 2017 Бишкек убактысы 08:31

Аризона 9 жаштагы Кристина менен коштошту


Аризондагы кызыл кыргында окко учкан Кристина Грин Тейлор 13-январда акыр сапарга узатылды. Тогуз жаштагы кыз 8-январда Тусон шаарында конгрессмен Габриэл Гиффордс менен кездешүүдө биринчи окко кабылган алты адамдын бири. Кристина 2001-жылы 11-сентябрда төрөлгөн. Ошондуктан узатуу зыяпатында 11-сентябрдагы террордук чабуулда кыйраган Дүйнөлүк соода борборунун астынан табылган АКШнын желеги желбиреп турду. Желекти Нью-Йорктун өрт өчүрүүчүлөрү узатуу каадасына атайын жиберген.

Тусондогу калабада башына ок тийген конгрессмен, 40 жаштагы Гиффордс айым көзүн ачып, буту-колдорун кыймылдатып калганы кабарланды.

XS
SM
MD
LG