Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:00

Ал-Абидин 27 жыл президент болгусу келбейт


Тунистин президенти Зин ал-Абидин бен Али 2014-жылкы президенттик шайлоого катышууну каалабайт. Ал-Абидин полицияны демонстранттарга ок атпоону буйруду жана нан, кант, сүттүн баасы арзандатыларын билдирди. 13-январда эртең менен байтак шаар Тунисте демонстранттарга атылган октон бир кишинин каны төгүлгөн. Адам укугун коргоочу эл аралык уюмдардын ырасташынча, акыркы күндөрдөгү толкундоолордо 60тан ашык адам набыт болгон. Толкундоолор жумушсуздукка нааразылыктан башталган. Зин ал-Абидин бен Али Тунисти 23 жыл башкарууда.

XS
SM
MD
LG