АКШ вице-президенти Жо Байден Ирак армиясы дале АКШнын көмөгүнө муктаж экенин эскертти. Бу жөнүндө Байден 13-январда Багдадда америкалык аскерлер менен кездешип жатып айтты жана Ирак эли демократиялык, туруктуу өнүккөн өлкө курууга бел байлаганын белгиледи. Жо Байден декабрда Ирак өкмөтү түзүлгөндөн бери Багдадга келген АКШнын мартабалуу биринчи жетекчиси. Малики башындагы өкмөт парламенттик шайлоодон тогуз айдан соң араң түзүлгөн.
АКШ жыл соңунда Ирактан аскерлерин чыгарып кете баштайт.
АКШ жыл соңунда Ирактан аскерлерин чыгарып кете баштайт.