Соңку келген маалыматка караганда, Бразилиянын түштүк чыгышында катуу селден жана жер көчкүдөн 480ден көп адам набыт болду. Рио де Женейронун түндүгүндөгү Тересполис шаарында эле 200дөн көп адам өлгөнү тастыкталды. Табигый апаат миңдеген адамды турак-жайсыз калтырды. Бийликтер өлүм-житим дагы көп болот деп чочулашууда. Бул Бразилиянын тарыхындагы эң оор табигый апаат экени айтылууда.