Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:56

АКШ Ирандын дагы 26 компаниясына санкция жарыялады


Ак үйдө бул компаниялар Ирандын өзөктүк программасына катыштыгы бар деп боолгошот. АКШнын Каржы министрлигинин билдиришинче, Гонконгдо жана Мэн аралында кеңселери жайгашкан кээ бир фирмалар Ирандын Коргоо министрлигине караштуу аскерий өнөр жай ишканалары менен байланышта иштешет. Санкцияга жараша АКШлык жарандар тизмедеги компаниялар менен кызматташпоого жана бул фирмалардын АКШнын банктарындагы акчасы тоңдурулууга тийиш. Вашингтон Ирандын өзөктүк бомбанын үсүтүнөн иштөөдө деп кооптонот.

XS
SM
MD
LG