“Азаттыкка” курган маегинде Бишкек шаар мэри Иса Өмүркулов, Ош базарынын айланасында мыйзамсыз курулуп кеткен көптөгөн соода түйүндөрү белгилүү адамдарга, чиновниктерге таандык экенин билдирди. Шаар мэри ал чиновниктердин таасирлүү экендиктерине, ал жактагы соодагерлерди көкүтүп нааразычылык акцияларын уюштуруп атышканына карабастан Ош базарын ирээтке келтирүүгө ниеттенип турганын, ал жайлар баары бир тазаланарын билдирди. Мэрдин айтымында, базардын тегерегиндеги айрым жайларды ошол эле чиновниктер “унаа токтотчу жай” же “көрктөндүрүү максатында” деп алып, бирок соода түйүндөрүн ачып салышкан.
“Алардын бирөө-жарымы өз кызыкчылыктарын коргоп, базарды ирээтке келтирүүгө тоскоол кыла турган болушса, мен ал адамдар тууралуу коомчулукка сиздер аркылуу, башка маалымат каражаттары аркылуу ачык айтам. Аты-жөнүн айтам. Ээлеген кызматтарын айтам. Шаар тургундары бул базарды ирээтке келтирүү тууралуу мага өтө көп кайрылышты. Азыр Ош базарынан ары карай унаа менен каттоо оор болуп калды”,- дейт мэр.
Ошондой эле И.Өмүркулов таасирлүү адамдардын контейнер, павильондору менен кошо көчө жээктеринде соода кылышкан карапайым жарандар да соода жайынан айрылуу алдында турганын, бирок аларга башка базарлардан орун таап беришерин билдирди.
Бүгүн түшкө маал Ош базарында соода кылган 200 чамалуу адам Жогорку Кеңештин алдында митинг өткөрүп, Ош базарына тийишпөөнү талап кылып, мындай аракети үчүн шаар мэрин күнөөлөшкөн. (IJz)