Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:36

Парламент Ош базарынын тегерегиндеги соода түйүндөрүн бузбай турууну сунуш кылды


Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн Ош базарынын тегерегинде соода түйүндөрүн, контейнерлерди жана павильондорду бузбай туруу боюнча Бишкек шаар мэриясына сунуш жолдоду. Ага ылайык, Ош базарынын айланасын ирээтке келтирүү максатында иш алып барган парламенттик комиссия иштеп жаткан чакта бул иштерди токтото туруу сунушталган. Бул маселени териштирүү максатында парламенттеги ар бир фракциядан бирден адам кирген комиссия түзүлдү. Аталган комиссия 30-январга чейин аткарган ишинин жыйынтыгы тууралуу Жогорку Кеңешке маалымат берүүсү керек.

Баш мыйзамдын 113-беренесине ылайык, мамлекеттик бийлик органдары жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын чечимине кийлигише албайт. Ошол себептүү Жогорку Кеңеш Бишкек шаардык кеңешинин Ош базарын ирээтке келтирүү, базардын айланасындагы павильон, контейнерлерди алуу чечимине таасир эте албайт. Андыктан парламент депутаттары шаардык бийликке сунуш берүү менен гана чектелди. (IJz)

XS
SM
MD
LG