“Сүлүктү көмүр” ачык акционердик коомунун жаңы жетекчиси Эргеш Мадаминов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, аталган ишкананын айланасындагы соңку окуялар тууралуу айтып берди.
Э.Мадаминовдун айтымында, ишкананын мурдагы жетекчилиги таратып аткан маалыматтар, жер алдында алтымыштан ашык кенчи иш таштап, нааразычылык акциясын өткөрүп аткандыгы тууралуу маалыматтар туура эмес. “Мурдагы жетекчилердин он чакты тарапкерлери кенге эч кимди жолотпой, тосуп турушат. Жер алдында иш таштаган анча киши жок”,- дейт ал.
“Сүлүктү көмүрдүн” мурдагы директорунун орун басары Асылбек Ашимов ушул тапта 60 кенчи мурдагы директор Райымбек Назаровдун кызматтан алынуусуна нааразы болуп, дале жер алдында каршылык акциясын өткөрүп атышканын, төрт күндөн бери бийликтегилер алардын кабарын алыша электигин билдирүүдө.
Мамлекеттик мүлк министрлигинин демилгеси менен 12-январда “Сүлүктү көмүр” ишканасынын акционерлеринин жыйыны болуп, ишкананын мурдагы директору Райымбек Назаров кызматтан алынып, анын ордуна Эргеш Мадаминов шайланган.
Аталган көмүр кенинин 45 пайызы мамлекетке таандык. 43 пайыз акциясын ишкананын мурдагы директору ишеним документтеринин негизинде көзөмөлдөйт. Азыркы директор Э.Мадаминов болсо ишкана акциясынын 6 пайызы ага таандык экендигин айтканы менен ишкананын мурдагы жетекчилиги “Э.Мадаминовго таандык акциялар 07 гана пайыз” дешет.
“Сүлүктү көмүр” ишканасы жылына 30-40 миң тоннадай көмүр өндүрөт. Бул 100 миллион сомдон ашкан каражат. Экономист Талант Кемеловдун пикиринде, аталган ишкана миллиондор айланган ири мекеме болгондуктан, бул жерде бийликтеги ар кыл күчтөр ишкананы көзөмөлдөө боюнча атаандашып, кармашып атканы байкалууда.
Ишкананын 12-январда шайланган жетекчиси Э.Мадаминов бул ишке Сүлүктү шаарынын мэри Жамалдин Калакулов, шаар прокурору Жуманазар Асатов да катышы бар экенин айтса, Ж.Калакулов мындай кептерди курулай жалаа катары баалоодо. (IJz)